Бишкекте батир тоноочулар кармалды
Новость www

Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери сентябрь айынан бери батирлерди тоноо менен шыгуулданган  уурулардын тобун кармады.

17-сентябрда Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.  Арызда Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан батирине белгисиз жарандар кирип, 10 миң долларлык алтын буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Ошондой эле, 1-декабрда дагы бир жаран батиринен жалпы суммасы 26000 сом турган алтын буюмдарды уурдап кеткендиги жөнүндө билдирген.

Учурда 3 шектүүгө уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.