Өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Республикалык штабдын маалыматына караганда, стационарларда 2520 бейтап дарыланууда.
Анын ичинен 32 адамдын абалы канааттандыраарлык абалда болсо, 1751 бейтап орточо оордукта, 626сы - оор абалда, ал эми 111 адамдын ден соолугу - өтө оор абалда деп айтылууда. Ошол эле учурда амбулатордук түрдө 3355 киши дарыланып жатат.
Дарыгерлердин айтымында, коронавируска чалдыгып, оор абалда жаткан бейтаптардын саны күн сайын көбөйүүдө. Бирок пандемия башталган мезгилге салыштырмалуу азыраак. Ошентсе да адистер коронавирус жуктуруп албоо үчүн санитардык эрежелерди сактоого жана дарыгердин көзөмөлү жок өз алдынча дарыланбоого чакырышат.