Пригордный айылынын тургуну Даниил Дашков дарыгерлерге тез жардам унаасын белекке берди. Бул тууралуу "Элдик репортерго" аталган айылдын тургуну видео тартып жөнөткөн.
Пригордный айылынын тургуну Даниил Дашков толугу менен жабдылган тез жардам унаасын Пригордный айылынын жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна белекке берди. Тапшыруу аземи медициналык мекеменин жанында өттү.
Дарыгерлер кубанычтарын жашырышкан жок, алардын айтымында жаш меценаттар жана ишкерлер ар кандай жардам, кайрымдуулук иштерин жасап келет.
Белгилей кетсек, буга чейин Пригордный айылынын айыл өкмөт башчысы Бакыт Шеримбеков өзүнүн кызматтык унаасын дарыгерлерге тапшырган. Ошондой эле карантин учурунда дагы айыл өкмөт тарабынан дарыгерлерге дары-дармектер да берилген.
Айыл өкмөт башчысы жана айылдын тургундары Даниил Дашковго ыраазычылык билдирди.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.