Өткөн суткада дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 670 миң 496га көбөйдү. Бул тууралуу окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан онлайн-карта маалымдады.
Жалпысынан дүйнөдө коронавирус илдетин 68 миллион 848 миң 383 адам жуктуруп алган. Көбүнчө АКШ (15 миллион 384 миң 264), Индия (9 миллион 735 миң 850), Бразилия (6 миллион 728 миң 452), Орусия (2 миллион 518 миң 551), Франция (2 миллион 377 миң 913), Улуу Британия (1 миллион 771 миң 545), Италия (1 миллион 770 миң 149), Испания (1 миллион 712 миң 101), Аргентина (1 миллион 475 миң 222) жана Колумбияда (1 миллион 392 миң 133) бейтап катталууда.
Коронавирусту жуктурган учурлар дүйнөнүн 191 өлкөсүндө катталды. Илдетти жеңип чыккан адамдардын саны 44,3 миллиондон ашты. Күндүн ичинде көрсөткүч 481 795ке жогорулаган.
Ал эми каза болгондордун саны 1 миллион 568 миң 734кө жетти. Күндүз бул көрсөткүч 12 миң 836 адамга көбөйгөн. Анын ичинде АКШда 289 миң 357 адам, Бразилия - 178 миң 995, Индия - 141 миң 360, Мексика - 111 миң 655 жана Улуу Британия - 62 миң 663 адам каза болгон.
Кыргызстанда коронавирустук инфекция боюнча 76 миң 391 учур катталган.