Саламаттык сактоо министри: коронавирустук инфекцияны дарылоодо 5-протокол колдонулат
Новость www

Коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн 5-протоколу иштелип чыкты, жакынкы арада ушул протокол менен дарылоо башталат. 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынында билдиргендей, инфекциянын жайылышынын алдын алуу жана аны дарылоодо учурда 4 долбоор иш алып барууда. Эки долбоор боюнча 7 млн сом бюджеттен алынууда. Калган долбоорлорго тендер өткөрүлүп жатат. 

Бардык дары-дармектер жана коргонуучу каражаттар чек арада бир аз кармалып калган, азыр чек ара ачык, алар бизге келе баштады - деди Бейшеналиев. Министр белгилегендей, коронавирус менен күрөшүүдө өлкөдө жугуштуу оорулар ооруканалары курулду, 9 оорукананын багыты өзгөртүлдү. Алардын алтысы бүткөрүлдү, ал эми үчөө каражаттын жетишсиздигинен токтоп турат. 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 98 млн сом бөлүүнү убадалады, жакынкы аралыкта жумуштар аягына чыгат. Өлкө боюнча бардыгы 2500 койка-орун бар, анын 353 оруну Бишкекте.