Кыргызстанда бир суткада коронавирус 341 адамдан табылып, каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ошол эле учурда 453 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 149 бейтап, амбулатордук түрдө 2 944 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 30 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 750 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 77 59 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 69 794 киши айыгып чыкса, 1 307 адам каза болду.