Кыргызстанда 13-декабрга карата коронавирус дагы 297 адамда аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 93, Ош шаарында - 9, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда - 16, Талас облусунда - 9, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда – 57, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда - 17 адам илдетке кабылды.
Ал эми акыркы бир күндө 398 адам сакайып чыкты.
Өлкөдө жалпы 77 миң 356 адам коронавируска кабылса,70 миң 192 киши айыкты. Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери жалпы өлкө боюнча илдеттен 1 миң 307 жаран каза болду. Акыркы суткада 2 миң 544 ПЧР анализ жүргүзүлдү. Стационарда 2 миң 86 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 898 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен бирөө "кызыл зонада" жуктурган. Ал эми үй шартынан 11 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4 миң 34 учур катталды, алардын ичинен 3 761 медкызматкер сакайды.