COVID-19: Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 72 миллиондон ашык адам жуктуруп алды
Новость www

14-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 72 миллиондон ашык адам жуктуруп алды. Анын ичинен 47 миллион 202 миң бейтап айыгып чыкты. 

1 миллион 611 миң 758 адам каза болду. Коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 16 миллион 250 миңге жакын адамды түзүп, 299 миң 163 адам каза болду. Экинчи орунда Индия өлкөсү. Анда коронавирус инфекциясы 9 миллион 857 миң адамдан аныкталды. 143 миң адам каза болду. Жугуштуу тумоо тез жайылып жаткан Бразилияда 7 миллион 901 миң адам вируска кабылган. Алардын 181 миңден ашууну көз жумду.