Акыркы бир күндө өлкөдө коронавируска 236 адам кабылып, 4 бейтап каза болду. Кайтыш болгондор Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, жугуштуу оору Бишкектен 51, Ош шаарынан 6, Чүй облусунан 82, Ош облусунан 9, Талас облусунан 6, Нарын облусунан 5, Ысык-Көл облусунан 47, Жалал-Абад облусунан 24, Баткен облусунан 6 адамдан табылды. Ошол эле учурда тумоодон 417 адам айыгып чыкты.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 948 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 904 киши дарыланууда. Пандемия башталгандан бери өлкө аймагынан 77 миң 910 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 70 миң 867 киши айыгып чыкса, 1 миң 316 адам каза болду. Нурболот Үсөнбаев өлкөдө абал жакшыра элек экенин билдирип, жарандарды санитардык эрежелерди так сактоого чакырды.