Коронавирусту бир күн ичинде 241 адам жуктуруп алды. Андан бир бейтап каза болду. Ал Ош облусунун тургуну болчу.
Республикалык штабдын билдиргенине караганда, жугуштуу тумоо Бишкекте 73 адамдан, Ош шаарында 13, Чүй облусунда 55, Ош облусунда 22, Талас облусунда 6, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 38, Жалал-Абад аймагында 19, Баткен дубанында 12 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 403 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ал эми стационарларда бүгүнкү күнү коронавирустан 1 миң 845 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 841 бейтап дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 78 миң 151 адам вирусту жуктуруп алган. Алардын ичинен 71 миң 270 киши айыгып чыкса, 1 миң 317 адам каза болду.