Кыргызстанда бир суткада коронавирус 264 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус - 86 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 60, Ош облусунда - 25, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 13, Ысык-Көл облусунда - 44, Жалал-Абад облусунда - 20, Баткен облусунда 11 кишиден табылды. Ошол эле учурда 386 адам илдеттен айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 815 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 743 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 57 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен 3 миң 805 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирди штаб.
Өлкөдө жалпы 78 миң 415 адам коронавирус жуктурса, алардын ичинен 71 миң 656 киши айыгып чыкты, 1 миң 321 адам каза болду.