Өлкөдө эпидемиологиялык абал жеңилдей элек
Новость www

Коронавирус аныкталган учурлар ар күн сайын жүздөп саналууда. Дарыгерлер санитардык эрежелерди сактоо талабын кайталап жатышат. Учурдагы кырдаал шайлоону кантип өткөрүү керек деген маселени козгоду. Мындан улам добуш берүү учурунда аткарыла турган эреже иштелип чыккан.

Эпидемиологиялык абал курчуган учурдагы түйшүктөр тажрыйба болуп берди. Эми коронавируска кабылган бейтаптарды кабыл алууга орундар жетиштүү. Сегиз миңден ашуун орундун жарымына жакыны толгон. Башка вирустук оорулар кырдаалды курчутпайбы деген да кооптонуу бар.