Кыргызстанда бир суткада коронавирус 132 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 132 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Каза болгон жаран Баткен облусунун тургуну болгон. 

Ошол эле учурда 225 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 394 бейтап дарыланууда. “Бир күн ичинде өлкө боюнча бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 73 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 841 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет республикалык штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 79 миң 254 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 73 миң 5 киши айыгып чыкса, 1 миң 331 адам каза болду.