Кыргызстанда бир суткада коронавирус 132 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Каза болгон жаран Баткен облусунун тургуну болгон.
Ошол эле учурда 225 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 394 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 73 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 841 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет республикалык штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 79 миң 254 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 73 миң 5 киши айыгып чыкса, 1 миң 331 адам каза болду.