Соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 4 адам каза болду. Жаңы жуктуруп алган 175 учур катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.
Айтымында, каза болгон бейтаптардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Ысык-Көл облусунун тургуну. Ошол эле учурда, сутка ичинде 295 бейтап сакайып чыкты. Өлкөдө пандемия башталгандан бери жугуштуу тумоого 76 миң 429 адам чалдыгып, анын ичинен 73 миң 321 бейтап айыгып чыкты.
Тилекке каршы 1 миң 335 жаран каза болду. Азыркы тапта өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 472 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 429 киши дарыланууда. Ошондой эле, Ош облусунда 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы ишке кирсе, Нарын облусунун Кочкор районунун Мантыш айылында салынып жаткан медицина мекемесинин курулушу 90 пайызга бүтүп, 25-декабрда ачылары маалымдалды.
“Коронавирус Бишкекте - 48, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 41, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 31, Жалал-Абад облусунда - 12, Баткен облусунда - 16 адамдан аныкталган”,- деп билдирди Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматов.