Болгарияда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп, кырдаал оор абалга кептелди
Новость www

Болгарияда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп, кырдаал оор абалга кептелди. Мындан улам өкмөт 27-декабрдан тарта калк арасында эмдөө башталат деп билдирди. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери эмдөө башталганы менен Ковид-19 толук жоголуп кетпейт деп эскертишүүдө. Жугуштуу тумоону азайтуу үчүн калктын 70%га жакынын эмдөө керек. 

Медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги жана ооруканага оор абалда келген жарандардын саны Европада күндөн-күнгө көбөйүп, бийликтин шайын оодарууда. Ошол эле учурда, Европа Биримдигинин жакыр өлкөлөрү бул эпидемиологиялык абал менен күрөшүүгө күчү жетпей жатканын көрүүгө болот. Болгарияда COVID-19дан каза болгондор көп. Бирок, оор кырдаалга карабастан, эч кандай катуу чектөө чаралары көрүлгөн эмес. Мектептер, ресторандар гана жабык. Бийлик эмдөөлөр 27-декабрда башталат деп болжолдоодо.

Кийинки этапта эмдөө программасы мамлекеттик кызматтарда иштегендерге багытталат. Бирок саламаттыкты сактоо кызматкерлери адамдардын ишениминин жоктугуна кабатыр.

Вакциналарды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлгандан кийин, бийликке минус 70 градус температурада сакталчу муздаткычтарды сатып алуу кыйынга турду. Вакцинаны өлкөнүн аймактарына коопсуз шартта жеткирүү үчүн Болгария өкмөтү тоңдургуч камераларды сатып алды. Мындай билдирүүнү премьер-министр Бойко Борисов Саламаттыкты сактоо министри жана жогорку кызмат адамдары менен бирге жаңы алынган тоңдургучтар менен таанышып жатканда айтты.