40тан ашык өлкөдө Британияга кирип-чыгууга тыюу салынды. Рождество майрамын утурлай аталган өлкөгө жакындарын көрүү же эс алууга камынгандардын маанайы бузулду.
Аэропорттордогу миңдеген саякатчылардын арасында башаламандык жана үмүтсүздүк өкүм сүрүүдө. Алар Улуу Британияга аттанган саякатчылар. Айрымдары башка өлкөлөрдө эс алып, мекенине кайткан учуру.
Улуу Британияга жол тарткандар болсо өзүлөрүнө ыңгайлуу башка өлкөнү тандап, багытын өзгөртүп жатышат. Кезектеги биринчи каттам менен кайра артка учкандар да бар.
Жакында аныкталган вирустун жаңы түрү азыркы коронавируска салыштырмалуу 70%га жугуштуу экени айтылды. Евро Биримдик боюнча вакцинаны бөлүштүрүү борбору Фрайзер вакцинасы вирустун бул түрүнөн да сактай алышы мүмкүн деп билдирди.
Дүйнө жүзүндөгү бардык авиакомпанияларга эпидемиологиялык кырдаалдан улам Улуу Британия менен байланышууга тыюу салынды. Эл аралык аба жолдору ассоциациясы Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун көрсөтмөлөрүн аткарууга даяр экенин билдирди.