Кыргызстанда бир суткада 230 кишиден коронавирус аныкталып, эки өлүм катталды
Новость www

Бир суткада 230 кишиден Ковид-19 вирусу аныкталып, эки өлүм катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирген маалыматына караганда, жугуштуу илдетке Бишкек шаарынан 71, Ош шаарынан 4, Чүй облусунан 71, Ош жергесинен 24, Талас облусунан 6, Нарын аймагынан 2, Ысык-Көл облусунан 36, Жалал-Абад дубанынан 7, Баткен облусунан 9 киши кабылган. 

Ал эми кайтыш болгондордун бири борбор калаадан болсо,дагы бири Талас облусунан. Март айынан бери Кыргызстан боюнча жалпы 79  659 киши вируска чалдыгып, 1 337 бейтап көз жумду.