Перуда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны миллионго жетти
Новость www

Перуда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны миллионго жетти. Ошентип өлкө Латын Америкасынын аймагында вирустун таралышы боюнча бешинчи орунда турат. Перу бир эле учурда экономикалык жана саламаттык сактоо жаатында оор абалга кептелди.

Перуда 32 миллион киши жашайт. Март айында Европа аймагында эпидемиологиялык абал курчуп турганда Перу шашылыш түрдө обочолонуу режимин киргизген. Бирок аракеттер жакшы натыйжа бербей жатат. Өлкөдө таажы илдетине кабылгандардын саны миллионго жетти.

Расмий бийлик жуктуруулар 1 миллиондон ашканын экенин жарыялады. Өлкө боюнча каза болгондордун саны 37 миң. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, өлкө калктын санына салыштырмалуу каза болгондордун көптүгү боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга чыкты.

Перу тумоону жуктургандардын саны жогорку чекке жеткенден кийин, акырындап экономикасын калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткан. Бирок бул тармак дагы деле аялуу абалда. Анткени өлкөдөгү жумушчу күчүнүн 70%га жакыны расмий эмес экономикада иштешет. Алар мамлекеттен акчалай колдоо ала албагандыктан үйдө отуруу кыйынга турат.

Вирустун очогуна айланган Лима сыяктуу ири шаарлардын чет жакаларында суу жетишсиз. Көпчүлүк перулуктарда үйдө болуу талабын аткаруу үчүн шарттар жок. Жакында өлкө өкмөтү жүргүзгөн изилдөөдө болгону 22% калктын үйүндө муздаткыч бар экени аныкталган. Ал эми муздаткычы жоктор жаңы жер-жемиштерди алуу үчүн эл көп чогулган базарларга бат-баттан барууга мажбур болушат. Перуда ошондой эле саясий абал да туруктуу эмес.