Улуу Британияда катталган коронавирустун жаңы түрү көптөгөн мамлекеттерди дүрбөлөңгө салды. Натыйжада вакцинанын натыйжалуулугунан күмөн санагандарга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы окумуштуусу Сумья Сваминатан билдирүү таратты.
Франция, Европа Биримдигинин башка өлкөлөрү сыяктуу эле, вакциналарды жеткирүү жана бөлүштүрүү үчүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда. Евробиримдикке кирген мамлекеттерде массалык эмдөөлөр жуманын аягында башталат.
Коронавирустун жаңы түрүнүн пайда болушуна байланыштуу вакцинанын натыйжалуулугунан күмөн санагандарды ДССУнун башкы окумуштуусу Сумья Сваминатан тынчтандырып, дүрбөлөң салууга эрте деп билдирди.
Коронавирустун жаңы түрүнө каршы Файзер вакцинасынын модификациясын иштеп чыгуу үчүн алты жума талап кылынат, деди Германиянын лабораториясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Угур Шахин.