Кыргызстанда бир суткада коронавирус 122 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте вирус - 43 адамдан, Чүй облусунда - 39, Ош облусунда - 7, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 25, Жалал-Абад облусунда - 3, Баткен облусунда 3 кишиден табылды.
Ошол эле учурда 230 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 991 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 746 бейтап дарыланууда. “Өлкө боюнча 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 9 медкызматкер айыгып чыкты.
Пандемия башталгандан бери 4 118 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 927 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 156 адам илдетти жуктурган. Алардын ичинен 76 148 киши айыгып чыкса, 1 356 адам каза болду.