Бир суткада 58 кишиден коронавирус табылып, 2 адам көз жумду
Новость

Акыркы бир сутка ичнде коронавирус 58 адамдан табылып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 30 адамдан, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 7, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 кишиден табылган. Ал эми бир күндө 203 адам коронавирустан айыгып чыккан. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 214 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 76 миң 351 киши айыгып чыкса, 1 миң 358 адам каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 985 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 604 бейтап дарыланууда. Ошондой эле, бир күн ичинде өлкө боюнча эки медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй карантининен 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 120 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 932 медкызматкер айыгып чыккан.