Кыргызстанда бир суткада коронавирус 83 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгон киши Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал эми бир сутка ичинде 165 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Илдеттен жалпы 1 миң 360 жаран көз жумган. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 955 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 424 адам дарыланууда. “Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 4, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты.
Пандемия башталгандан бери 4 миң 123 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 943 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 388 адам коронавирусту жуктуруп алган. Алардын ичинен 76 миң 728 киши айыгып чыкса, 1 миң 360 адам каза болду.