Кыргызстанда бир суткада коронавирусту 92 адам жуктуруп алып, бир адам каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте коронавирус 51 адамдан, Чүй облусунда 10, Ош шаарында 9, Ош облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 3, Баткен облусунда 1, Нарында 3, Жалал - Абад облусунда 10 кишиден табылды.
Ал эми бир сутка ичинде 177 адам кооптуу тумоодон сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 810 бейтап, амбулатордук түрдө 1 113 адам дарыланууда. “Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты.
Пандемия башталгандан бери 4 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын 4034 медкызматкери айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 587 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 358 киши айыгып чыкса, 1 375 адам каза болду.