Кыргызстанда бир суткада коронавирус 134 адамдан табылып, 3 адам каза болду
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 134 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус - 46 адамдан, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 45, Ош облусунда - 12, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 25, Баткен облусунда - 3, Жалал - Абад облусунда - 8 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 152 адам жугуштуу илдеттен айыгып чыккан. Коронавирустан жалпы 1 миң 381 жаран көз жумду. 

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 812 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 21 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 4, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен 4 миң 46 медкызматкер айыгып чыкты.