Индонезиядагы жер титирөөнүн айынан кеминде 34 адам каза болду. Бул тууралуу Al Arabiya English жана Agence France-Presse билдирди.
“Учурда издөө иштери уланууда, кырсыктан жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн”- деп билдирет кырсыктан сактоо кызматы.
Жер титирөөдөн жабыркагандардын бардыгы Мамуджу шаарынан аныкталды. Ал жердеги оорукана дагы талкаланган. 10 чакты адам урандылардын астында калды, куткаруу иштери уланууда.