Facebook тууралуу 15 кызыктуу факт
Новость www

Facebook дүйнөдөгү эң популярдуу социалдык тармактардын бири. Ал 2004-жылы негизделген. Сайт алгач Гарвард студенттеринин ысымдарынын  жана сүрөттөрүнүн электрондук каталогу үчүн түзүлгөн. Сайттын негиздөөчүлөрү: Марк Цукерберг, Дастин Московиц, Эдуардо Саверин жана Крис Хьюз. Ошол учурда, алардын чакан долбоору ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги социалдык тармакка айланаарын эч ким билген эмес. Бүгүнкү күндө 1 миллиарддан ашуун адам Facebook колдонот.

Ылдыйда Facebook тууралуу 15 кызыктуу факт:

1.  Facebook өзүнүн популярдуулугу боюнча дүйнөдөгү эң белгилүү сайттардын арасында үчүнчү орунда турат.1- Google, 2-Youtube жана 3- Facebook . Ошондой эле, мобилдик тиркеме да чоң суроо-талапка ээ.

2.  Facebook дүйнөнүн 70тен ашык тилинде колдонулат.

3.  Beacon - бул Facebook тарабынан түзүлгөн жарнама тутуму, анын жардамы менен сайт бардык колдонуучулар тууралуу, тактап айтканда, кайсы сайттарга киргендиги жөнүндө маалымат чогулта алган. 2009-жылга чейин коомчулук анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билген эмес, бирок соттук териштирүүдөн кийин система иштебей калган.

4.  Патнэм - 2006-жылы түзүлгөн, сайттын көптөгөн көйгөйлөрүн жараткан вирус. Анын негиздөөчүсү студент Крис Патнэм.

5.  Фейсбукту, Microsoft, Google, Yahoo сыяктуу ири корпорациялар сатып алууга көп жолу аракет кылышкан. Бирок, Цукерберг бааны сунуш кылаары менен, сатып алуучулардын каалоосу төмөндөгөн.

6.  М.Цукерберг өз сайтындагы "Дизлайк" баскычын киргизүүдөн баш тарткан. Бирок, колдонуучулар тарабынан эч кандай даттануулар же коркутуулар болгон эмес.

7. "Like" параметринин биринчи пайда болушун Фейсбукка таандык десе туура болот. Ал колдонуучуларга сүрөт же посттун жаккандыгы тууралуу кабар берет.

8.  Эмне үчүн Фейсбук көк түстө? Сайттын негизги иштеп чыгуучусу М. Цукерберг дальтоник болгондуктан, түстөрдүн арасынан көгүлтүр түстү гана кемчиликсиз кабылдап, айырмалай алат.

9.  2012-жылы Фейсбук эң популярдуу Instagram социалдык тармагын сатып алган.

10.  Австралияда сотко чакыруу Фейсбук колдонуучунун профилине келет. Аларды көрмөксөнгө салса, жазаланат.

11.  Буга чейин колдонуучулар Фейсбукка компьютерлер аркылуу кирип келсе, азыр адамдардын 80% дан ашыгы смартфондорду колдонууну туура көрүшөт.

12.  Юристтердин статистикасына караганда, Facebook Америкада ажырашуу көрсөткүчүн көбөйткөн.

13.  2010-жылы "Социалдык тармак" тасмасын Дэвид Финчер тарткан. Анын сюжети – Фейсбуктун пайда болуу тарыхы.

14.  Фейсбукка биринчи катталган компаниялар Apple, Microsoft, Intel жана Amazon эсептелет.

15.  Facebook позитивдүү эмоцияларды гана эмес, терс эмоцияларды да жаратып келет. Достуктан алып салуунун айынан чыр-чатак же адам өлтүрүүгө алып келген окуялар бар.