ДССУ: пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпейт
Новость www

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мелита Вуйновичтин айтуусуна караганда, быйыл COVID-19 оорусуна байланыштуу кырдаал кандайча өзгөрө тургандыгы боюнча так пикир жок. Бул туурасында РИА Новости жазды. Адистин билдиришинче, пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпейт.

Вуйнович вакциналар тууралуу акыркы жаңылыктар келечекке үмүт берип, адистерди шыктандырганын белгилеген. Ал бир катар өлкөлөр массалык эмдөөгө өтүп жатканын айтып, дале болсо гигиеналык-санитардык эрежелерди сактоо маанилүү экенин эскертти. Ошондой эле, Россияда коронавирус кырдаалы аз-аздан турукташканы байкалганын кошумчалаган.