Туристтер кар көчкү астында калды
Новость www

Швейцариянын Вербье лыжа базасында кар көчкү жүрүп, он киши кар астында калды. Бул тууралуу полициянын басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, окуянын кесепетинен Улуу Британиядан келген лыжачы каза болуп, дагы бири жаракат алган. Кар көчкү лыжа трассасынын сыртында болгондугу белгиленди. 

Куткаруучулар иттери менен кар көчкү алдында калган адамдарды издеп жатышат. Ошондой эле жардамга тик учактар жөнөтүлдү. Прокуратура кылмыш ишин козгоду.