Сахара чөлүндө абанын температурасы төмөндөп, кар жаады. Мындай адаттан тыш аба ырайынын көрүнүштөрүнүн сүрөттөрүн Карим Букетата Instagram баракчасына жарыялаган.
Сүрөтчү Алжирдин Айн-Сефра шаарынын жанындагы карлуу чөлдү, Сауд Аравиясынын түндүк-батышындагы Табук аймагындагы кардан кийинки төөлөрдү жана муз каптаган дөбөлөрдү сүрөткө тарткан.
Күн ысык мезгилде чөлдө температура + 50С чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок ушул айда температура нөлдөн төмөн түшкөн. Январь - Сауд Арабиясынын эң суук айы, орточо температурасы 20,2 °. Ал эми Табук - өлкөнүн эң суук аймактарынын бири, орточо температурасы 4 °.10-январда тоолуу аймактарда кар жаады. Буга чейин Ливан, Сирия жана Иранда да кар жааганы айтылган.