Кыргызстанда акыркы бир күндө коронавирустан 2 бейтап көз жумду
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир күндө коронавирус 162 адамдан табылып, 2 бейтап көз жумду. Республикалык штабдан билдиришкендей, каза болгондордун экөө тең Бишкек шаарынан. 

Оору аныкталгандар өлкөнүн бардык аймактарында бар. Ошол эле маалда соңку суткада 124 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 726 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 10 адам дарыланууда. “Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 3 учур катталды. Үй карантининен 1, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. 

Пандемия башталгандан бери 4 миң 161 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 66cы айыгып чыкты”, - деп билдирди штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 430 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 373 киши айыгып чыкса, 1 миң 392 адам набыт болду.