Чөлдү токойго айланткан Жадав Пайенг
Новость www

Жадав Пайенг, же башкача айтканда, "Токойдун адамы" - Индиянын Брахмапутра дарыясынын кум жээгине 40 жылдан бери дарак отургузган экологиялык активист.

1979-жылы аталган аймакта суу ташкыны болот. Бир нече убакыт өткөндөн кийин суу басаңдап, Жадав өлгөн жыландар жайнаган жерди таап алат. 

Жаныбарларды суу четке сүрүп салгандыктан, кумдуу жээкте ысыктан өлүшөт. Өлгөн жыландын сөөктөрүн көрүп көпкө чейин ыйлайт. Бул окуядан чочулаган Пайенг, кийинки жолу мындай болбошу үчүн, кумга токой отургузуу керек экенин түшүнөт. Бул көрүнүш 16 жаштагы өспүрүмгө чоң таасир калтырат. Ошентип сойлоп жүрүүчүлөрдүн бардыгы жээкте жок болушат, бул Пейенгдин чечкиндүү кадамдарга баруусуна түрткү болот.Жадав бийлик өкүлдөрүнө кайрылат. Бирок сүйлөшүү ишке ашпай, “ал жерге эч нерсе өспөйт” - деген жооп алат. Бул жоопко ыраазы болбогон жаш бала токой бөлүмүнө кайрылып, токой жумушчулары менен чогу 200 гектар жерге бамбук отургузушат. Жардамчылар кеткени менен, Пайенг эмгек кылууну улантат. Көчөттөрдү отургузуп, андан кийин топуракты калыбына келтирүү үчүн жаңы токойго кызыл кумурскаларды коё берет. Бара-бара куштардын үнү угулуп, мурунку чөлдүн аймагында майда жан-жаныбарлар көбөйөт.Азыр Жадавдын токою - Бенгал жолборстору, бугу, коён, маймыл жана канаттуулардын бир нече түрлөрү жашаган корук. Пилдердин ири үйүрү да токойдо жарым жыл убакыт өткөрөт.Учурда Жадав Пайенг аялы жана үч баласы менен биргеликте токойдун ортосундагы алачыкта жашайт. Алар уйларды жана буйволдорду багып, сүт сатуу менен акча табышат. 2013-жылы Пайенг тууралуу “Токойдун адамы” аталышындагы даректүү тасма тартылып, Канн кинофестивалында “Эң мыкты даректүү тасма” наамын алган. Ошондой эле,  Джавахарлал Неру университетинин жана Индиянын айыл чарба институтунун ардак даражалары менен сыйланган.