Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын коронавирус инфекциясына каршы туруу, каржылык, гранттык гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануу маселесин текшерген мекемелер аралык жумушчу комиссиянын маалыматы бүгүн өкмөттө угулду. Анда мамлекеттик органдардын коронавирустун биринчи толкунуна каршы туруудагы кемчиликтери айтылып, иштин сапатсыз жүргөнү белгилүү болду.
Мекемелер аралык жумушчу комиссия өз корутундусунда коронавирустан каза болгондордун саны боюнча расмий статистика башкача чыныгы абал башка болгонун айтууда. Ошондой эле тумоону дарылоо протоколу өз учурунда кабыл алынган эмес деген маалымат айтылууда.
Ошондой эле оору күчөгөн маалда келип түшкөн медициналык гуманитардык көмөктү кабыл алуу жана аны эсепке алуунун так жана ачык-айкын тутумунун жоктугу тууралуу жыйынтык чыгарылган. Көрсөтүлгөн жардам тууралуу жана ооруканаларга берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматтар ортосунда айырмаланган фактылар аныкталган.