Өлкөдө акыркы бир күндө коронавирус 71 адамдан табылып, бир бейтап көз жумду
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир күндө коронавирус 71 адамдан табылып, бир бейтап көз жумду. 

Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте вирус - 33 адамдан, Ошто - 2, Чүй облусунда - 27, Ош облусунда - 2, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 1, Ысык-Көлдө - 3 жана Баткенде 1 кишиден табылды. Ошол эле маалда соңку суткада 98 адам коронавирустан айыкты. 

Бүгүнкү күнү стационарларда 661 бейтап, амбулатордук түрдө 952 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 971 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 80 миң 25 киши айыгып чыкса, 1 миң 401 адам набыт болду.