Жаңы Зеландияда вирустун жаңы түрү табылды
Новость www

Жаңы Зеландияда африкалык вирустун жаңы штаммы табылды. Буга чейин Жаңы Зеландия вирусту жеңгенин жар салган эле. Эки айдан ашык убакыттан бери бул мамлекетте вирус каттала элек болчу.

Жаңы Зеландиянын саламаттык сактоо тармагынын өкүлүдөрүнүн айтымында, өзүнүн үйүндө коронавируска кабылган аялдын геномдук анализинин жыйынтыгы боюнча, ал карантинден чыкканга чейин эле саякаттап жүргөн адамдан жуктуруп алган. Эске салсак Жаңы Зеландияда вирус эки айдан ашык убакыттан бери карантиндик мекемеде биринчи жолу катталууда. 

Саламаттык сактоо департаментинин башкы директору Эшли Блумфилд маалымдагандай 56 жаштагы аял Европадан жакында эле келген. Ал эми каратиндеги бейтап милдеттүү эки жумалык карантин маалында эки жолу тест тапшырган жана алар терс жыйынтык берген.

Саламаттык сактоо министрилигинин өкүлүнүн билдиришинче вирустун түштүк африкалык түрү бир топ жугуштуу.