Бишкекте акыркы суткада коронавирустан 3 адам каза болду
Новость www

Бишкекте акыркы суткада коронавирустан 3 адам каза болду. Ал эми 107 адам илдетти жуктуруп алган. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус - 45 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 27, Ош облусунда - 16, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 11, Жалал - Абад облусунда - 5 кишиден табылган. Ошондой эле, 148 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 607 бейтап, амбулатордук түрдө 900 адам дарыланууда. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен бир, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 168 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 80 медкызматкер айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 84 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 330 киши айыгып чыкса, 1 миң 405 адам каза болду.