Тарыхтагы эң узун интервью
Новость

Австралиялык радиожурналист Ричард Гловер тарыхтагы эң узак маектешүү үчүн Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

Ал 24 саат бою (тынымсыз) эфирде жергиликтүү жазуучу Питер Фицсимонс менен сүйлөшкөн. Берилген суроолор кайталанбашы зарыл жана журналист маектешин өзгөртө албайт болчу.

Фицсимонс Австралияда эң көп сүйлөгөн адам катары белгилүү. Ал баарлашууга кызыгуу менен катышып, өзүнүн өмүр баянынын эң майда-барат нерселери жөнүндө айтып берген. Аягына жакындап калганда жүрөгү айланып баштаган.

Маектешкендер үчүн эң оор мезгил таңкы саат 4 менен 5тин ортосундагы убакыт аралыгы болгон.

Алар аягында чыдабай калышкан, багынып берүүгө даяр болушуп, бирок күчүн топтоп, дагы беш саат бою сүйлөшүшкөн.

Ошентип, радио марафон жекшемби күнү саат 10до башталып, дүйшөмбү күнү эртең менен аяктаган.

Мурунку рекорддун ээси, испаниялык журналист Педро Руис коногу менен 2 эсе аз - 12 саат 30 секундда сүйлөшкөн.