Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан дагы 3 адам каза болду. Ал эми 128 киши коронавирус жуктуруп алса, 151 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдетке кабылгандар Бишкекте - 48, Чүй облусу боюнча - 60, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусуда - 9, Жалал-Абад облусунда - 5 киши. Ош шаары, Ош, Талас менен Баткен облусунда ооруну жуктурган жаңы учур катталган жок. Учурда стационарда 618 бейтап дарыланууда. 4 адамдын абалы канааттандыраарлык, 387си орточо, 206сы оор, 21и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 863 бейтап бар. Пандемия башталгандан бери 84 303 киши илдетке кабылып, 1 408 киши каза болгон.