COVID-19: өткөн суткада 74 кишиден инфекция аныкталып, 1 бейтап көз жумду
Новость www

Өткөн суткада коронавирус Ысык-Көлдөн бир адамдын өмүрүн алды. Ушуну менен 1 409 адам илдеттин курмандыгы болушту. Ал эми 74 кишиден инфекция табылган. 

Ысык-Көл облусу менен Баткенде коронавирус бир да адамдан аныкталган жок. Бишкекте - 53, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 11, Ош облусунан - 5, Талас менен Нарында бирден, Жалал-Абад облусунда - 2 киши илдетти жуктурган. Ушуну менен өлкөдө вирус илештиргендердин жалпы саны 84 миң 377ге жетти. 29-январга карата 80 миң 643 бейтап коронавирусту жеңген. 

Учурда стационарларда 600 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 180 адамдын абалы оор болсо, 23 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Кечээтен бери бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Ал ооруну Жалал-Абадда "кызыл тилкеде" иштеп жүрүп жуктурган.