Кыргызстанда бир суткада коронавирус 59 адамдан табылды
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 59 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлады. 

Бишкекте вирус - 26, Чүй облусунда - 19, Ош облусунда - 2, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көлдө - 4, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткен аймагында - 2, Талас облусунда - 1 кишиден табылды. Ошол эле учурда 91 адам коронавирустан айыгып, каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда 581 бейтап, амбулатордук түрдө 674 бейтап дарыланууда. 

Ал эми 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 176 медицина кызматкери инфекцияга чалдыгып, алардын ичинен 4 миң 90 медкызматкер айыгып чыкты. Кыргызстанда жалпы 84 миң 588 адам илдет жуктуруп алган. Алардын ичинен 80 миң 987 киши айыгып чыкса, 1 миң 412 адам каза болду.