Коронавирус илдети өткөн сутка ичинде 58 адамдан аныкталып, 2 киши көз жумду
Новость www

Коронавирус инфекциясынан бир сутка ичинде 115 киши сакайды, ошол эле учурда 58 адам оору жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 47;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй облусу — 34;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 16;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Баткен облусу — 2.

Жугуштуу илдетти жалпысынан өлкө боюнча 81 102 адам жеңди.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 18;
  • Ош — 0;
  • Чүй облусу — 24;
  • Ош облусу — 0;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 11;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен облусу — 1.

Пандемиядан бери жалпы 84 646 кишиден илдет аныкталды.

Тилекке каршы, соңку суткада COVID-19дан эки киши көз жумду.