Кыргызстанга март айында коронавируска каршы даярдалган AstraZeneca компаниясынын вакцинасы 504 миң дозада алып келинет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, вакцинаны Глобалдык альянс программасы сунуштаган.
"Биз бул программа боюнча баарын тактадык. Өлкөгө март айында 504 миң дозалык AstraZeneca вакцинасы жеткирилет. Буга чейин бизге америкалык Pfizer вакцинасы сунушталганын айтканбыз, бирок аны алуудан баш тарттык. Учурда эмдөө программасын кийирип жатабыз", — деди Алымкадыров.
Вакцинаны британ-швед фармацевтикалык AstraZeneca компаниясы Оксфорд университети менен биргеликте жасаган.
Буга чейин COVAX Кыргызстанга америкалык Pfizer фирмасынын препаратын сунуштап, 1,2 миллион дозаны бекер беришерин айтышкан. Бирок бул вакцинаны -70 градуста сактоо үчүн Кыргызстанда муздаткычтар жок экени белгилүү болгон.