Өткөн суткада коронавирус 70 адамдан аныкталып, 102 бейтап айыкты
Новость www

Өткөн суткада коронавирус 70 адамдан аныкталып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Вирусту жуктургандар Бишкекте - 22, Ошто - 1, Чүй облусунда - 25, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 15, Жалал-Абад облусунда - 1. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 84 миң 832ге жетти. Ал эми айыккандардын саны 81 миң 334 адам. Кечээтен бери коронавирус үч адамдын өмүрүн алды. 

Үчөө тең Бишкек шаарында каза болгон. Коронавирустун курмандыгы болгондордун жалпы саны 1 миң 418ге жетти. Стационарда дарыланып жаткан 527 бейтаптын ичинен 127синин абалы оор болсо, 32 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Бир сутка ичинде бир медиктен коронавирус табылып, ал ооруну кызыл тилкеде жуктуруп алганы аныкталган.