Кыргызстанда бир суткада коронавирустан эки бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 88 адамдан табылып, эки бейтап каза болду. Набыт болгондордун бирөө Бишкектен, экинчиси Баткенден.

Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте коронавирус – 33 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 8, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Талас облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 110 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 511 бейтап, амбулатордук түрдө 608 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми суткада стационардан - 2 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 920 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 440 киши айыгып чыкса, 1 миң 420 адам каза болду.