Кыргызстанда бир суткада коронавирус 72 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Каза болгондордун экөө Чүй облусунун, бирөө Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ал эми бир сутка ичинде 98 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 492 бейтап, амбулатордук түрдө 596 адам дарыланууда. Өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.
Пандемия башталгандан бери 4 миң 180 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 102 медкызматкер айыгып чыккан. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 992 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 542 киши айыгып чыкса, 1 миң 423 адам каза болду.