Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавирусту текшерген беш миң ПЧР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапары менен жүрөт. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Халиль Эльдемир жана республиканын улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан менен жолугушкан. Бейшеналиев өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу гуманитардык жардам сураганы, жооп катары Түркия ПЧР-тесттерди бергени белгиленди. Министр кол сунгандарга ыраазычылык айткан.
Жолугушууда Түркия парламентинин вице-спикери Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын иши боюнча келишимди эртерээк ратификациялоо идеясын колдой тургандыгын билдирген.