Россиядагы кыргызстандыктар тез арада документтерин иретке келтирүүлөрү зарыл
Новость www

Россиядагы кыргызстандыктар тез арада документтерин иретке келтирип алышы кажет. Россиянын президенти өткөн жылдын аягында кол койгон жарлык, аларга карата 15-мартка чейин гана күчүндө. Ал арада консулдук кызматтарда жана кеңселерде узун кезектер пайда болду. 

Өткөн жылдын аягында президент Владимир Путиндин жарлыгы менен мигранттардын Россияда болуу мөөнөтү ушул жылдын 15-июнуна чейин узартылган. Бирок, аба каттамы ачык болгон өлкөлөрдүн жарандары үчүн бул мөөнөт 15-мартка чейин гана күчүндө.