Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Аймактар боюнча Бишкекте - 32, Чүй облусунда - 32, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 12, Жалал - Абад облусунда - 1, Баткен облусунда 2 кишиден коронавирус табылды. Ал эми бир сутка ичинде 98 адам айыгып чыкты.
Бүгүнкү күнү стационарларда тумоодон 424 бейтап, амбулатордук түрдө 535 адам дарыланууда. Өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 192 медицина кызматкери жуктуруп алса, алардын ичинен 4 миң 107 медкызматкер айыгып чыккан.