Кыргызстанда бир суткада коронавирус 75 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте - 32, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 17, Ош облусунда - 4, Нарын облусунда - 2, Талас облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 11, Жалал - Абад облусунда - 4, Баткен облусунда 2 кишиден коронавирус табылды. Ал эми акыркы сутка ичинде 83 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Бүгүнкү күнү стационарларда 427 бейтап, амбулатордук түрдө 522 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 328 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 6 киши айыгып чыкса, 1 миң 437 адам каза болду.