Кыргызстанда бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, 2 адам каза болду
Новость

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Чүй жана Нарын облустарынан бирден адам набыт болгон. 

Коронавирусту жуктуруп алгандарды аймактарга бөлуштүрө келгенде, Бишкекте коронавирус – 37 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал - Абад облусунда – 4, Баткен облусунда - 2 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 92 адам коронавирустан айыгып чыккан. Стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 496 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер инфекцияны жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 194 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 113 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 398 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 98 киши айыгып чыкса, 1 миң 439 адам каза болду.